Жогорку Кеӊеште депутаттар тобу тарабынан өлкөдө мектеп мекемелеринин жетишсиздик маселелерин чечүү, ошондой эле менчиктин жеке таризинде түзүлгөн, мектептик билим берүү уюмдарды ачып жаткан жеке ишкерлерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында иштелип чыккан «КР Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу КР ЖК Басма сөз кызматы кабарлады.
Демилгечилердин айтымында, Кыргызстанда жалпысынан 187 менчик мектеп бар. 2015-жылы 49 мамлекеттик эмес жалпы билим берүү мекемесине лицензия берилген. Ал эми 2016-жылдын биринчи жарымында билим берүү кызматын көрсөтө турган 7 мектепке лицензия берилген, анын ичинде 4 мектеп Бишкек шаарында иштейт. Демек, мындай мектептер анчалык деле көп эмес.
Ошондон улам, жеке мектептерди салыктын айрым түрлөрүнөн бошотуу демилгеси сунушталууда. Ал республикалык бюджетке салыктык түшүүлөрдүн олуттуу кыскаруусуна алып келбейт. Тескерисинче, окуучулардын контрактык төлөмдөрүнүн төмөндөшүнө түрткү берет. Мындай жеӊилдиктер Евразия экономикалык бирлигине кирген өлкөлөрдө да бар экени, менчик мектептер кошумча нарк салыгынан бошотулбай турганы белгилүү болду.
Менчик мектептер салыктан бошотулса, жалпы билим берүү мекемелеринин саны көбөйүп, атаандаштык түзүлүү менен, окуу үчүн акы төлөмдөрүнүн өлчөмү азаят. Өкмөт дагы мыйзам долбооруна каршы эмес.
Эске салсак, 2015-жылы менчик мектептер сындуу эле менчик бала бакчаларды салыктан бошотуу боюнча мыйзам кабыл алынган. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, ушу тапта өлкө аймагында 297 жеке менчик бала бакча иштөөдө. 2016-жылы менчик мектептерден бюджетке 426 млн сом салык түшкөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ