Бүгүн, 12-июлда республика боюнча коронавирус инфекциясын дагы 719 адам жуктуруп алганы аныкталды. Муну менен COVID-19 илдети өлкөдө 10 миң 629 адамга жайылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Бишкек ш. – 500
Чүй облусу – 96
Ош ш. – 37
Ош облусу – 20
Жалал-Абад облусу – 10
Баткен облусу – 34
Ысык-Көл облусу – 15
Нарын облусу – 1
Талас облусу – 6
Ал эми Кыргызстанда бир сутка ичинде 151 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Муну менен айыккандардын жалпы саны 3 387ни түздү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ