Учурда 9 миңден ашуун соттолгон адамдар абакта жатышат. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Аскат Эгембердиев маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылга салыштырмалуу көрүлгөн чаралардын, анын ичинде гумандаштыруунун натыйжасында абактагылардын саны дээрлик 2500 адамга кыскарган.
Ал мунапыс жөнүндө мыйзам чыкандан кийин 60тан ашуун адам эркинен ажыратуу жайларынан бошотулуп, 800 соттолгондун жазасы кыскарганын белгиледи.
“Бизде соттолгондордун режимин аныктоо жана өзгөртүү маселелерин караган атайын комиссия дагы бар. Ушул жылдын башынан бери комиссия 1120 адамдын материалдарын карады. Жыйынтыгында, дээрлик 500 соттолгон адам жатак-абактарга которулган” – деди ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ