Мыйзамсыз баюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Т.Сарпашев Токтогул районунун Торкен айылынын балансына мурун өзү алган жана жакын туугандарына катталган, Токтогул районунда жайгашкан 500 гектар жайыт жерлерин, ошондой эле 30 гектар сугат жерин кайтарып берди. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда Финансы полициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Т.Сарпашев мыйзамсыз алынган мүлктү өз ыктыяры менен кайтарып берүү шарттарынын баштапкы этабын аткарат.
КРнын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын органдары Токтогул районунун Торкен айылынын муктаж, аз камсыздалган жашоочуларына кайтарылып берилген жерлерди андан ары бөлүштүрүү процессин көзөмөлгө алууну көздөп жатат.
Кыргыз Республикасынын Финансы полициясы сотко чейинки өндүрүштү улантууда, анын жүрүшүндө Т.Сарпашевдин мүлкүнүн калган бөлүгү аларды алуу мыйзамдуулугу боюнча текшерүү иш-чараларын жүргүзүп жатат.
2020-жылдын 9-декабрында саат 16: 00гө карата Т.Сарпашевге андан аркы тергөө иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн КРӨгө караштуу ЭККМКнын тергөө башкармалыгына келүүгө чакыруу кагазы тапшырылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ