Menu

Эсенкул Момункулов КР Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо агенттигинин директору болуп дайындалды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык, Момункулов Эсенкул Дуйшөнкулович Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо агенттигинин директору болуп дайындалды. Өкмөт башчы бүгүн, 16-ноябрда, Агенттиктин эмгек жамаатына жаңы жетекчини тааныштырды. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

«Агенттик келечектүү инвесторлор үчүн маанилүү эсептелген: инфраструктураны өнүктүрүү, милдеттенмелерди жана инвестициялык талаштардын сотко чейинки чечимдерин аткаруу сыяктуу факторлорду жакшыртуу үчүн мамлекеттик мекеме жана ведомстволордун мыкты иштөөчү тутумун түзүүгө активдүү катышат. Агенттик тышкы жана ички инвесторлордун укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча ишенимдүү өнөк болот», – деди Сапар Исаков Агенттик жамаатына жаңы жетекчини тааныштырууда.

Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын инвестициялык саясатын бирдиктүү мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылышы ички жана келечектүү чет элдик инвесторлор үчүн да кошумча ыңгайлуулуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү түзөөрүн өзгөчө белгилеп өттү.

«Агенттик үчүн негизги милдеттердин бири болуп инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана инвестициялык абалды жакшыртуу үчүн тийиштүү ченемдик-укуктук актыларды өзгөртүү боюнча ыкчам жооп кайтаруу максатында мамлекеттик органдардын өз-ара аракеттешүүсүн камсыздоо болуп саналат. Аталган милдетти ишке ашырууда көрсөтүлүүчү тейлөө сапатын жогорулатууга жана биздин өлкөдө инвесторлор жана экспотерлор үчүн өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө тоскоолдуктарды азайтууга мүмкүндүк түзүлөт», – деп белгиледи Сапар Исаков.

Премьер-министр мамлекеттик орган жана бизнес-тармак өкүлдөрүн Агенттик менен активдүү диалог жүргүзүүгө, өлкөдөгү бизнес-чөйрөнү өркүндөтүү жана жакшыртуу боюнча бирдиктүү максатка жетишүү иретинде тажрыйба алмашууга, демилге кошууга чакырды.

«Мен мамлекеттик түзүмдөр, атамекендик бизнес жана биздин чет элдик өнөктөштөр жаңы Агенттик менен алгылыктуу иш алып бараарына ишенем. Биргелешкен эмгек жана тең укуктуу өнөктөштүк аркылуу биз каалаган жыйынтыктарга, тактап айтканда, жаңы технологияларды тартып, жумушчу орундарды түзүп, инвестициялык абалды жана бизнес-чөйрөнү жакшыртууга жетише алабыз», – деп жыйынтыктады Сапар Исаков.

Белгилесек, кечээ Өкмөт башчы буйруккка кол койгон, ага ылайык Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Инвестицияларды жана экспортту алга жылдыруу боюнча мамлекеттик агенттигинин макамы жогорулатылган. Буга байланыштуу ал Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо агенттиги болуп кайрадан түзүлгөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: