2019-жылдын 20-июнунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укутуу Элчиси Ха Тэ Ёкту кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Тараптар эки тараптуу мамилелердин азыркы абалы жана саясий, экономикалык, парламенттер аралык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө практикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү, ошондой эле кызматташуунун өзүнчө долбоорлору боюнча пикир алмашышты.
2019-жылдын июль айына пландаштырылган Корея Республикасынын Премьер-министри Ли Нак Ёндун Кыргыз Республикасына расмий сапарын даярдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Сапарды жогорку деңгээлде ийгиликтүү өткөрүү максатында тараптар тыгыз координациянын, ошондой эле алдыдагы бизнес-форумду тыкыр иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн белгилешти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ