Menu

Марат Канулькулов Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары болуп дайындалды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-июнда, өлкөнүн финансы министри Бактыгүл Жеенбаеваны кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Салык кирешелери, республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүн аткаруу, өлкөнүн бюджеттик ресурстарынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана сот-укуктук реформаны финансылык жактан камсыздоо маселелери каралды.

Министр Бактыгүл Жеенбаева мамлекеттик финансыларды башкаруу жаатында учурдагы абал тууралуу маалымат берди.

Ал белгилегендей, корголгон беренелер боюнча артта калуулар жок. Сот-укуктук реформаны ишке ашыруу жана өлкөнү санариптештирүү боюнча долбоорлор өз убагында каржыланууда. Республиканын ар бир райондук борборунда 3 чакырым жолду куруп, оңдоп-түзөөгө каражаттар бөлүндү.

Мындан тышкары министр 2019-жыл ичинде орто мектептердин мугалимдерине айлык акысын жогорулатуу пландалып жатканын маалымдады.

Ошол эле убакта ал республикалык бюджетке салыктык жана бажылык жыйымдары боюнча артта калуу байкалып жатканын белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик финансыларды натыйжалуу, жоопкерчиликтүү жана ачык-айкын башкаруу өлкөнүн экономикасынын туруктуу өсүшүн камсыздоо үчүн негиздердин бири болушу керектигин баса белгиледи.
Мамлекет башчысы Мамлекеттик ипотекалык компанияга калкка ипотекалык насыяларды берүүнү жандантуу үчүн акча каражаттарын тез арада бөлүп берүү зарылдыгына көңүл бурду.

Ал ошондой эле бюджетке жыйымдарды тапшыруу боюнча планды аткарбаган мамлекеттик органдарга карата биринчи жарым жылдыктын жыйынтыктары боюнча тиешелүү чара көрүү керектигин баса белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: