Кечээ, 8-январь күнү ВЕФА соода борборунунун жанынан №243 маршрутка жол кырсыгына кабылган. Бул кырсыктын видеосу Инстаграм социалдык тармагындагы oppa_kg баракчасына жарыяланган.
Жол кырсыгы кечээ, болжол менен саат 16:00дө болгон. Айдоочу рулду башкара албай, жол жээгиндеги тосмону сүзүп, андан соң бакты сүзгөн. Жүргүнчүлөрдүн ичинен үчөө жабыр тарткан. Анын экөөсү кичинекей балдар болгон. Алар балдар ооруканасына жеткирилген.
https://www.instagram.com/p/B7Fc9cXpMev/
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ