Бүгүн, 8-январь күнү Иранда украиналык учак кулады. Бул тууралуу чет өлкөлүк ММКлар жазып чыгышты.
Маалыматтарга караганда, учактын ичинде 180 жүргүнчү болгон. Учак Тегерандын Имам Хомейн атындагы эл аралык аэропорттон абага көтөрүлгөндөн кийин эле кулаган.
Алдын ала маалыматтар боюнча учактын кулашына техникалык кемчиликтер себеп болгон.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ