Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 17-ноябрда түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым аймактарында, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт.
Күндүз Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн: -4…-9, күндүз: -1… -6,
Таласта түнкүсүн: -6…-11, күндүз: -1…-6,
Баткенде түнкүсүн: -1… +4, күндүз: +3…+8,
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн: -1…+6, күндүз: +2…+7,
Ысык-Көлдө түнкүсүн: -3…-8, күндүз: +2… +7,
Нарында түнкүсүн: -8…-13, күндүз: -1…+4,
Бишкекте түнкүсүн -5…-7, күндүз: -2…-4.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ