Menu

Ошто июнь коогалаңынын 8 жылдыгы эскерилди

Бөлүшүү:

Кыргызстандын түштүк башкалаасындагы “Энелердин көз жашы” мемориалдык комплексиндеги эскерүү иш-чарасы 2010-жылдагы июнь коогалаңында каза тапкандарга багыштап куран окуу менен башталды. Буга улай ынтымактын символу катары “Тынчтык коңгуроосу” дагы кагылды.

Бул митинг-реквиемге биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов, Кыргыз Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жана Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов катышып, жакындарын жоготкондорго дагы бир ирет көңүл айтышты.

Кайгылуу июнь окуясындагыларга арналып куран түшүрүү жөрөлгөсү андан ары Анар жана Манас-Ата кичи райондорундагы июнь коогалаңынан жапа чеккендер жашап жатышкан үйлөрдө уланды. Эскерүү иш-чаралары Жалал-Абадда, Ош-Бишкек жолунун жээгинде курулган “Эненин көз жашы” эстелик монументинде дагы болуп өттү. Анткени, бул аймакта 16 адамдын өмүрүн кыйган каргашалуу “Санпа окуясы” жүз берген.

Соңку маалыматтарга караганда, 2010-жылдагы июнь коогалаңында Ош жана Жалал-Абадда 446 адам каза таап, эки минге чукул жаран жараланган. Окуянын жүрүшүндө 57 адам дайынсыз жоголгон.

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 + = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: