Menu

Жапаров БШКдан документтерин чакыртып алып, президенттикке талапкерлигин көрсөтүү үчүн кайрадан арыз жазды

Бөлүшүү:

Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышуу үчүн тапшырган документтерин артка чакыртып алып, кайрадан президенттикке талапкерлигин койду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы кабарлайт.

“14-ноябрда 1968-жылы 6-декабрында туулган КР жараны Жапаров Садыр Нургожоевич мурда тапшырган документтерин чакыртып алып, КР Президентинин кызмат ордуна талапкерлигин көрсөтүү үчүн арызын кайрадан берди” – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, кечээ эрте менен Садыр Жапаров Борбордук шайлоо комиссиясына президенттик шайлоого катышаары жөнүндө билдирүү тапшырган. Кийинчерээк ал дагы документтерин тапшырган. Бирок, ал кечке жуук президенттин жана премьер-министрдин милдетин аткаруудан баш тартканын жарыялады.

БШК белгилегендей, саат 23.55те Борбордук шайлоо комиссиясына КР жарандарынан президенттикке талапкерлерди көрсөтүү боюнча 65 арыз (эки арыз кайтарылып алынган) келип түшкөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 + = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: