Москва районунда кармалган жарандан баңги заты алынган. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын пайтымында, 17-февраль күнү Москва районунун ИИБдүн кызматкерлери жанан
КР Өкмөтүнө караштуу жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери биргеликте Москва районунун Петровка айылындагы жайгашкан №8 түзөтүү мекемесине баңги затын ыргытууга аракет кылып жаткан эркек кишини кармашкан.
Кароо жүргүзүү учурунда жанынан 51,54 грамм баңги заты алынган. Текшерүү учурунда ал Ысык-Көл облусунда туулуп өсүп, буга чейин соттолгон 32 жаштагы К.Э. экендиги такталган. Кармалган жаран Москва районунун ИИБдүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынып , учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ