Menu

Руслан Казакбаев Раиса Атамбаевага “не дипломатично” мамиле кылдыбы?

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев өткөн жекшемби 6-октябрь күнү уулун үйлөнтүп, той берди. Той эмес, эки жаштын бактысы эмес, элди бул тойго келген мурдагы-кийинки аткаминерлер, «оппозиция-пропозиция» болуп жүргөндөр, түрмөдөн жаңы чыккандар, түрмөдө отургандардын бала-чакасы, миллионерлери, деги койчу, «саясий бомонддун» жүргөнү кызыктырды. Жаңыдан баш кошкон жаштарга кызыгып койгон деле жан болбогондой. Анткени, алардын жеке жашоосундагы эсинде кала турган жакшы күн Казакбаевдин калпыс кадамы менен саясий аянтчага айланды да калды.

Казакбаевдин тойго жеңеси Раиса жана Кадыр Атамбаевди чакырганы го түшүнүктүү. Дегенибиз, Руслан Айтбаевич Алмазбек Атамбаев бийликте турганда анын кареги менен тең айланып келгенин өзү деле танбайт. Кийин Атамбаевдин Кой-Таштан чыккан демилгелерин ачык да, азыркы бийлик билип калбасын деп, көмүскө да колдоп келгенин жакшы билебиз. Ал жүрүшү менен азыркы бийлик менен тил табыша албай келген досу Бабановду «подстава» кылып келгени жашыруун эмес да.

Ал го ал, мейли. А бирок Раиса менен Кадырды чакырарын чакырып, кире беришке, башкача айтканда улагага отургузуп койгону эмнеси? Жетим козудай кылып. Же эмне салтты, наркты билген Айтбаевич төр менен улага каяк экенин билбейби? Дипломатия жаатында такымын жеген Казакбаев ошентип Атамбаевдин жакындарына «не дипломатичный» мамиле кылып койду. Атамбаев түрмөгө отуруп, керектен чыгып калса, үй-бүлөсүнө ушундай мамиле кылып калабы? Анда чакырбай эле койбойбу! Ансыз да ал экөөнү көргөн бир катар меймандары, «үркүп» кеткенин көргөндөр, саймедиреп жатат.

Ошентип, башы көрүнгөн кыргыз элитасынын башын бириктирип, биздин ким экенибизди көргөзүп коебуз. Керек болсо азыркы ажого сес көрсөтүп, биздин кимдер менен табакташ экенибизди тастыктап коебуз деген той ээлеринин тилеги таш капты. Той тескери эффект берди. Эл: «богу-жини аралашкан кыргыз саясатынын жүзүнө» итиркейи келип, күйөрмандары өз лидерлерин «принципсизби?» деп күмөн санап турган кези. Келин алуу тоюна Руслан Казакбаев болгон саясатчыларды чакырып, Өмүрбек Бабановго баарлашуучу аянтча түзүп берем деген максатына жете алган жок. Тескерисинче, Бабановду дагы бир ирет «подстава» кылып койгонун өзү да сезбей калды десек жаңылышпайбыз.

Ошентип, өлкөдө жаш саясатчыларга, жаңы жүздөргө болгон таңкыстык ансайын күчөп турган кези. «Той саясатка айланган жери жок. Саясатты азыр тойго айландырып жиберишти. Кыргызда азыр бүт бардыгынын богу-жини аралашып бүткөн. Азыр эми кууганы дагы, качканы дагы бирге жүрөт. Соттогону дагы, соттолгону дагы чогуу бир үстөлдө отурат. Туруктуу принциби бар оппозициялык саясатчы калган жок. Кечээ сени отургузган адам менен бирге дастаркондо отуруп, калп эле тилек айткан болуп, күлүп-жайнап отурган нерсе – жасалмалуулук эмей эмне? Ошентип тойго бирин-бири алдоо үчүн барат. Элдин көзүнчө бири-бирине жылмаңдашып, жакшы көрүнүш үчүн бардыгы жасалма болушат. Ошондуктан мен мына ошондой жерлерден чарчайм. Көп отура албайм. Негизи мен ошондуктан мына ошондой аш-тойлорго көп эле бара бербейм», – деп маек берген Адахан Мадумаровду карасак, ал деле эмнегедир бул тойдо шаңдуу, ичип-жеп, жакшы эле отурду. Эми акыл үйрөтүп бакылдаган менен Мадумаров деле пенде да…

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 15 = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: