Menu

Кытайдан ташылып келаткан 50 тоннадан ашуун алма артка кайтарылды

Бөлүшүү:

Кечээ, 29-октябрь күнү кыргыз-кытай «Торугарт» чек ара өткөрмө пунктунда Кытай Эл Республикасынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген фитосанитардык тобокелдиги жогору болгон карантинге алынган 50 тоннадан ашык эки партия жүк (жаңы алмалар) кармалган. Бул тууралуу аыйл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Коштоочу документтерди жана жүктү карап чыгууну текшерүү учурунда, карантинге алынган продукциялардын партиясы ЕАЭБтин техникалык регламенттерин жана Бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарын бузуу менен (маркалоонун жоктугу жана тез бузулуучу азыктарды ташуу талабы) ташуу белгиленген.

Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин кызмат адамдарынын текшерүүсүнүн астында карантинге алынган продукциянын партиясын Кыргыз Республикасынын аймагынан Кытай Эл Республикасына кайтаруу ишке ашырылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 − 60 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: