13-мартта Кыргызстандын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси М.Арстанбаевдин Япониянын Жугуштуу оорулар улуттук институтунун башкы директору Такажи Вакита мырза менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 17-март күнү билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө Башкы директор Япониядагы учурдагы кырдаал жана (COVID-2019) коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө боюнча чаралар тууралуу толук маалымат берди.
Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилигинин колдоосу менен КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин жана аталган институтун ортосунда жумушчу байланыштар түзүлдү.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча япония тарабы акысыз түрдө коронавирусту табуу боюнча 2000 тесттерди өткөрүп берди.
Бүгүн, 17-мартта бул жардам Кыргызстанга жеткирилип КРнын Саламаттык сактоо министрлигине тапшырылды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын билдиришти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ