Menu

Абылгазиев паспорт кризисин качан чечет?

Бөлүшүү:

Паспорт кризиси жакындап келатат, өкмөт козголуп да койбойт. Жазындагы тендердин тегерегинде чыр чыгып, андан улам Алина Шаикова жумуштан кетип, бир канча жетекчи камалган. Бирок, аягында ал кылмыш ишине эч кандай негиз жоктугун, баарын УКМК жетекчилиги «жумурткадан кыр издегени», дагы бир банкка, швейцариялык фирмага жан тартышкандары ачыкка чыгып калып, Идрис Кадыркулов жумуштан айдалганын билебиз. Бир айдан бери башка ызы-чууга алаксыган эл азыр сарсанаа. Көрсө колдогу паспорт түгөңүп, жакында кыргыздар четке чыга албай калат экенбиз. Жаңы паспортко заказды азыр тапшырбасак, кышында эң чоң кризиске учураарыбыз анык. Литвалык «Гарсу Пасаулис» фирма 65 миллион еврого Кыргызстанды сотко бере турганы боюнча да эл аралык басылмалар кабарлаганы кандай? Ушул маселенин аягына чыгат бекен Абылгазиевдин өкмөтү? Же адатынча эле, жоопкерчиликтен качышып, билмексенге салышып, чечим кабыл албай, анан толук кандуу кризис жаралганда эле кычышып башташабы? Эл козголчу көйгөйлөр ансыз деле жетиштүү го!

Кубат Карачев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 26 = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: