Жигитчилик парзды жогору туткан, сөзүнө бек, кайсы гана кызматта жүрбөсүн эл үчүн эмгегин аябаган Туйгунаалы Абдраимов агабыздан чынында эле үлгү алышыбыз керек. Аламанга аттанган таасирдүү талапкерлер канчалык суранышса дагы ал баарына чекит коюп, «Сооронбай Жээнбеков 20 жылдан берки досум, саясатың жерге кирсин, баарынан жолдошчулук жогору турат» деп кол шилтегени суктана турган көрүнүш эмеспи. Дал ушул Туйгун байкедей намыстуу азаматтар бар үчүн кыргыз эли муундан-муунга күчүн жоготпой, улуулары кичүүлөрүнө өрнөк көрсөтүп, мамлекетибиздин сакталып келатканы ушундан. Ооба, негизинен мамлекеттүүлүк дал ушундай аруу сезимдерден, тазалыктан, анан барып ишеним менен кайратгуулуктан бекемделет да. Кудай буюрса, сентябрь айында Абдраимов гезитибизге кенен маек берип, саясаттын чоо-жайына саресеп салат. Ошого катар досу Сокени жандап, Чүйдү түрө кыдыруу камылгасын көрүп аткан чагы.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ