Ички иштер министрлигинин Башкы штабын мындан ары Эркин Баев жетектейт. Муну угуп алып, эмне Баевден башка кадр жок беле деп суроо бергибиз келип жатат. Эркин Баев буга чейин ИИМдин Кайгуул башкы башкармалыгын жетектеп келген. Ал жерди жыргаткан жок. Жол кырсыгынын саны саат сайын өстү, адамдар кырылды. Айдоочуларды тартипке келтире албады. Бишкекте машинени номери жок, мас, документи жок айдаган айдоочулар ээн-эркин жүрүп калышты. Баевдин элге кылган кызматы ушулбу? МАИни кыйратып жибергенсип эми штабды жетектетип коюшканы – карапайым калкты шылдыңдагандары. Эл акыры силерди өз ордуңарга коёт.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ