Жергиликтүү ММКлардын бири айтылуу төкмө акын Аалы Туткучев Бабанов чайга чакырса барбай коюптур деген таризде маалымат тараткан. Көрсө Аалынын өзүндө андай маалымат жок экен. «Кыргызда чакырган жерден калба дейт. Эмнеге барбай коймок элем сыйлап чакырып атса» – дейт төкмө акын. Анүстүнө жердештер болсо. Саясатка баарын сүйрөп кирип алдык эле, эми маданияттын өкүлдөрү калыптыр да. Жок дегенде ушул төкмөлөрдү саясатка аралаштырбагылачы, аралаштырсаңар да чындыкка жакындатсаңар кесиптештер.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ