Улуттук онкология жана гемотология борборунун балдар бөлүмүндө коронавирус илдетин жуктуруп алган эки бала жана үч ата-эне айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда оорукананын директору Эрнис Тилеков билдирди.
Анын айтымында, бейтаптарда, аларды караган ата-энесинде жана медиктердин тапшырган ПЧР-анализдеринин жыйынтыктары терс чыккан.
“Байланышта болуп, обсервацияда жаткан 17 адам ооруканадан чыгарылды. Бардыгынын анализдери терс. Бирок көпчүлүк бейтаптар бөлүмдө дарыланып жатышат” – деп билдирди Тилеков.
Эске салсак, балдар бөлүмүндө 9 баладан, 3 ата-энеден жана 6 медициналык кызматкерде коронавирус аныкталган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ