Menu

10 миңге жетпеген айлык алган Ысык-Көлдүк дарыгерлер жөнүндө ыктыярчы айтып берет

Бөлүшүү:

Ушул оор мезгилде ыктыярчы болуп иштеп жүргөн ишкер Эрик Абдыкалыков COVID-19 менен күрөшүүнүн алдыңкы катарларында иштеген үч Ысык-Көлдүк дарыгерлер жөнүндө айтып берди.

Ысык-Көл аймактык ооруканасынын хирургу Талант Такенеев кызыл зонада иштейт. Ал адамдардын өмүрүн сактайт. Эмгек стажы 12 жыл. Алган айлык акысы 5 миң сомдон бираз ашат.

“Талант Такенеев ооруканада директордун орун басары болуп иштейт. Азыр кадрлар жетишсиз болуп жаткандыктан, ал четте кала алган жок”, – деди Эрик Абдыкалыков.

Дарыгер Зайракан Асанкожоева 61 жашта. Ал 1390 тургун жашаган Сары-Ой айылындагы жалгыз дарыгер. Бейтаптарды эрте мененден башталып кечке чейин кабыл алат. Зайракан Асанкожоева 40 жылдык тажрыйбага ээ.

Сары-Ой дарыгеринин айлык акысы айына 7500 сом.

Дарыгер-реаниматолог Эдилбек Жекшеналиев бул кесипте үч жылдан бери иштейт. Анын айлыгы 8300 сом. Ал 45 күн катары менен Бишкектеги ооруканада кызыл зонада иштеген. Андан кийин эс албастан Ысык-Көлгө жөнөгөн. Анын айтымында, кичи мекени кыйналып турганда, ал четте кала алган жок.

Эрик Абдыкалыков журналисттерге “Ысык-Көлгө жардам” долбоорунун алкагында аймакка болгон сапарында дарыгерлердин сүрөтүн тартып алганын айтты. Активисттер пандемия учурунда чыныгы картинаны көрсөтүү үчүн дарыгерлер, жергиликтүү ооруканалардын абалы жөнүндө видеотасма тартышууда.

“Ысык-Көлдөгү оор кырдаалды көрүп, каражат чогултууну чечтим. Анын ийгиликтүү болушу үчүн, түз эле аймакка барып, иштин чыныгы келип чыгышы жөнүндө видеотасма тартууну чечтим. Дарыгерлер менен сүйлөшүп, жергиликтүү медициналык мекемелердин көйгөйлөрү жөнүндө элдин угуусун кааладым. Видеотасма даяр болгондон кийин, каражат чогултууну баштайбыз”, – деди Эрик Абдыкалыков.

“Элдер бир тыйынга иштешет. Же болбосо тигил же бул жол менен, алар инфекцияны жуктурушат, анткени эч кандай шарт жок. Алар жумушун жоготуудан коркуп бир нерсе айтуудан коркушат” – деди ал.

Эрик Абдыкалыков видеотасмадан кийин, адамдар Ысык-Көл облусунун ооруканаларында кырдаал канчалык оор жана коркунучтуу экендигин түшүнүп, жардам берет деп үмүттөнөт.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: