2026-жылы алтын өндүрчү «Кумтөр» ишканасы жабылат. Бул тууралуу 6-ноябрда премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиев өкмөт жыйыныңда айтты. Анын айтымында, эл аралык эксперттер мына ушундай тыянакка келишкен. «Кумтөрдүн» жабылышы Кыргызстандын экономикасына терс таасир этпейт, коркунуч да жаратпайт. Анткени ошол убакка өлкөдө ал сыяктуу аналогдук ишканалар ачылып калат» деди өкмөт башчы.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ