«Ошэлектр» ААКнын Баткен облусундагы атайын өкүлү болуп Мунарбек Султанов дайындалды. Бул тууралуу “Ошэлектр” ААКнын басма сөз кызматы бүгүн, 16-декабрда билдирди.
Алардын айтымында, буйрукка “Ошэлектр” ААКтын башкы директору Артур Жусуев кол койгон. Анын биринчи орун басары Нурлан Раимберди уулу жаңы жетекчи Султановду эмгек жамаатына тааныштырып, Баткен облусундагы көрсөткүчтөрдү жогорулатуу талабын коюп, ишине ийгилик каалаган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ