Доллах шаарында, Каринтия федералдык жеринин бийлигинин чакыруусу боюнча КРнын Австриядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Б.Джусупов инновация, курчап турган чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүшү боюнча форумга спикер катары катышты. Бул тууралу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Өзүнүн сөзүндө Элчи Б.Джусупов форумдун катышуучуларына Кыргызстандагы климаттын өзгөрүү, аныны ичинде муздардын эрүүсү, суу ресурстарынын төмөндөшү, өзгөчө кырдаалдардын жана табигый катаклизмдердин тез өсүү, тоолуу экосистемалардын биологиялык түрлөрүнүн жок болуу көйгөйлөрү тууралуу айтып берди. КРнын Австриядагы мекемесинин башчысы, ошондой эле КРда уран калдыктарын сактоочу жайлар менен байланышкан тобокелдиктерге, алардын жергиликтүү калктын өмүрүнө жана ден-соолугуна тийгизген зыяндуу таасирине аудиториянын көңүлүн буруп, катышуучуларды КРнын уран калдыктарын сактоочу жайларды рекультивациялоо жана коопсуздугун камсыздоого багытталган демилгесин колдоого чакырды.
Мындан сырткары, форумдун алкагында, Элчи Б.Джусупов өзүнчө “сайд-ивентке” катышты, анда Кыргызстан тууралуу презентация жасап, анын инвестициялык жана туристтик дарамети, 3-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана ак илбирсти сактоо боюнса КРнын эл аралык демилгеси тууралуу айтып берди. Ошондой эле жергиликтүү бийликтин жана бизнестин өкүлдөрү менен байланыштарды түздү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ