Menu

Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз?

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңеш эс алууга кетүү алдында турат. Эл арасында: “Жогорку Кеңеш моралдык жактан туруксуз болуп калды” деген сындар көп айтылып жаткандыгы жашыруун эмес. Ошол себептен айрым инсандардын бул сындар боюнча пикирлерин угуп көрдүк.

Камила Талиева, экс министр:

–  “Калк айтса калп айтпайт”деген жакшы сөз бар. Анын сынарындай ЖКнын ишмердүүлүгү, боюнча эл арасында айтылып жаткан мындай сөздөрдүн чындыгы бар. Жогорку Кеңештин жалпы ишмердүүлүгү  жөнүндө сөз кылсак, мисалы Дача Суудагы кырсыктын аягына чыга алган жок. Алдыларына коюп, ачып көрсөтүп жаткан ипггин аягына чыга албай коюшту. Ошол эле “Кумтөр” маселеси болобу, ТЭЦ боюнча болобу ким күнөөлүү экенин аягына чыга албай коюшту. Камап коюу менен маселе чечилип калбайт. Жегендерин кайра кайтарыш керек да. Мурунку бийлик менен азыркы бийликтин ортосунда ойноп туруп алышты. Ачык позициясын билдиргенден коркушуп, мурдагы бийлик түшөөрү менен пикирлерин өзгөртө калып, ал бийликти каралап башташты. Мына моралдык туруксуздук. Саясий туткундар тууралуу коркпой ачык пикирлерин айта алышпай жатат. Албетте, өз оюн ачык айткан жигердүү депутаттар жок эмес, бар. Бирок алар көпчүлүктүн арасынан азчылыты түзүп, добуш берээр алдында колдоосуз калып жатышат. Эл депутаттарды багып жатат. Булардын жасаган ишинен майнап чыкпаса, аларды багуунун зарылчылыгы жок.

Абдималик Элеманов, Жалал-Абад шаарынын экс мэри

– Жогорку Кеңеш авторитардык-криминалдык бийликтин түптөлүшүнө сапатсыз, өз комочуно кул тарткан бийликти алып келгенин өздөрү да тана алышпайт. Жыйынтыгында мамлекетти оор сыноолорго түртүп, эл аралык аброюнун түшүүсүнө алып келди. Экономикалык өсүштү артка тартып, социалдык маселелер болуп көрбөгөндөй көйгөйлөргө айланды. Жаңы эл башы шайлангандан кийин тили жогуна тил чыгып, дили жогуна дил бүтүп, калкка күйүмүш, казынага пул үйүмүш болуп жатышат. Бирок кескин бийликтин реформасына барып жемкорлукту азайтмайынча, бийликке партиялаш – акчалаштарды токтотуп, кесипкөй кадрларды алып келмейинче эч жыйынтык болбойт! Партиялык диктатура бул баскынчьшык диктатурадан айырмасы жок экен. Министрлик менен ведомствонун жетекчисин койсо койсун, бирок орун басар, башкармалык, бөлүм башчыга чейин болуп, өздөрүнүн дилетант кадрларын койдуруп жатканы өкүнүчтүү… Эртең премьер – министрден жабалактап сурашат, жумуш жок, өсүш жок, жемкорлук токтободу деп… Өкмөт кантип ийгилик жаратат, колу-бутун бууп, кадрлар менен көзүн басып, кулагын тосуп алышса? Ошондуктан таркатуу мезгил талабы.

Ташполот Балтабаев, экс депутат:

-Ооба, парламенттин дарегине көп сын айтсак болот. Жалгыз эле парламент эле эмес, бийликтин башка бутактары деле кыйратып жиберген жок. Бирок депутаттарды малдай кылып эле УКМК сүйрөп барып камап жатса, кайдагы коз карандысыз позиция ал байкуштарда. Ар ким өз башынын тынчтыгын ойлоп калды, демек мындай учурда жылыш болбойт. Күчтуү парламент болуш үчүн кол тийбестикти кайра бериш керек. Президентин аппаратынан коркуп турган депутатгардын элге пайдасы тийбейт.

Нургазы Абдувалиев, юрист:

-Албетте, Жогорку Кеңештин эс алууга кетүү укугу бар. Моралдык жакган туруксуз болуп калды деген пикирге мен да кошулам. Көрүнүктүү, алгьшыктуу, маңыздуу иштер, жаңыча кадамдар, бурулуш, өзгөрүүлөр болгон жок. Анткени парламенттин бугүнкү күндөгү саясий абалы алсыз. Өлкөдөн күчтүү оппозицияны көрүүгө болбойт. Демек, оппозиция болбогон өлкөдө учурдагыдай абал өкүм сүрөт.

Кубатбек Байболов, коомдук ишмер:

Башында дөңгөлөгү жок трактор сыяктуу, катуу дарылдаганы менен кыймылы жок эле. Кийин ителги тийген бөдөнөдөй корголошту. Азыр жыгылган жоого итерилип, айбаты күч. Мамлекетти башкарууга иштиктүү катыша алышчудай эмес. Ушундан ары таркап эле кетишсе туура болмок…

Гүлмира Шаршеева

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 60 = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: