Мухаммедкалый Абулгазиев премьер-министр болуп кеткенден бери президенттин аппарат башчысы дайындала элек. Анын милдетин азыр аппараттын жетекчисинин орун басары Досалы Эсеналиев аткарып жатат. Мындай тыныгуу коомдук-саясий чөйрөдө ар кыл божомолдорго жем таштады. Көпчүлүк, президент өзүнө ылайыктуу ишенимдүү кадр таба албай жатканына маани берүүдө. Айрым саясий серепчилер бул өзгөчө кызмат экенин, аппарат башчысы коомдо абройго ээ болуп, бир топ критерийлерге жооп бериши керектигин, президентти уят кылбагандай, оппоненттери менен тил табыша билиши зарылдыгын белгилешип, президенттин айланасынан Фарид Ниязовдой тажрыйбасы жана дарамети жагынан ага теңеле турган “системачы” кадрлар чыкпай жатканын айтышууда.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ