Саясый туткундардын бараандуусу Садыр Жапаровдун түрмөдө жатышы, ага карата мунапыс берилбегени боюнча тарапташтары ички нааразычылыктарын башташып, жазга карай курч саясый акцияга өтүшө турганы каңкууланды. Алар бир жыл сабырдуулук менен күтүшкөнүн, эми үмүттөрү үзүлө башташканы ойлондурбай койбойбу? Негизи Садыр мырзанын күйөрмандары Өмүрбек Текебаев менен Адахан Мадумаровдукуна караганда туруктуулугу, айбаттуулугу менен айырмаланышканын байкап жүрөбүз. Эгерде саясый туткун Жапаров түрмөдө жатып эле буйрук берчү болсо, Кыргызстанда кандай кырдаал түзүлөт? Ооба, элестеткибиз келбейт. Мындай шартта башка күчтөр да жиреп кетсе не болот?
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ