Menu

Бишкекте курулуп жаткан эң ири мечиттин аталышы белгилүү болду

Бөлүшүү:

Түркия мамлекетинин Кыргызстандагы элчисинин дин иштери боюнча кеңешчиси Шемсуддин Үнал Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев жана Муфтият кызматкерлери менен жолугушуп, Бишкек шаарында курулуп жаткан Орто Азиядагы ири мечиттин курулуш иши жана мечиттин иштөө тартиби боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун талкуулашты. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.

Муну менен катар эки тараптуу жолугушуунан алкагында тараптар мечит Орто Азиядагы ири мечит болгондуктан ага республикалык борбордук мечит макамы берилип, бул боюнча тиешелүү докуметтер иштелип чыкмакчы. Ал эми Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев мечитке улуу дин аалымы Имам Сарахсийдин ысымын ыйгаруу боюнча сунушун берип, тараптар бул боюнча бир пикирге келишти. Ошондой эле Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын алдында Ислам изилдөө борборунун курулаары туурасында сөз болуп, ал заманбап технологиялар, электрондук системалар менен жабдылып, окутуу иштери, семинарлар жана тренингдер өтүп, диний баалуулуктарды изилдөөчү борбор болуп калаары маалым болду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: