Бул тууралуу өлкөнүн жаштар жана спорт министри Мухаррем Касапоглуга шилтеме кылып, “Анадолу” басылмасы жазып чыкты.
Анын айтымында, бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну үч ирет Кыргызстанда өтүп, өзүнчө бренд болуп калды. Эстафета Түркияга өткөрүлүп берилип, эми оюндар 2020-жылы Бурса шаарында өтмөкчү.
Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну – этникалык спорт түрлөрү боюнча өтө турган эл аралык спорттук мелдеш. Бул мелдештин негизин тарых түптөгөн Борбордук Азиянын көчмөн элдерининин элдик оюндары түзөт. Алгачкы көчмөндөр оюндары 2014-жылы 9-14-сентябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөн.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ