Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык борбору Улуттук госпиталдын №1 неврология бөлүмүндөгү палатаны текшергенде, бөлмөдөн курттар табылды. Бул тууралуу аталган борбордун басма сөз кызматы бүгүн, 30-ноябрда билдирди.
Алардын айтымында, текшерүү учурунда палатадан курт табылып, иш көзөмөлгө алынган. Бардык корпустарды тазалоо иш-чараларын жүргүзүү боюнча жетекчиликке, №1 неврология бөлүмүнө эскертүү берилген.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ