Menu

Салима Медерова: “Жалгыз бой аял деп кордой беришеби?”

Бөлүшүү:

Редакцияга көз жашын агызып Салима деген эже келиптир. Ак жеримден күйүп, кыйналып ыйлап жүрөм, Атамбаевге арызым бар дейт. Биз аны угуп көрдүк. Балким аты аталган байкелерибиз акыйкаттык издеген жалгыз бой аялдын арманын угуп көрүшөөр.

— Салима эже, бул акыйкатсыздыкка кандайча кабылып калдыңыз?

— Окуя 2016-жылы болду. Жолдош келиним Айнура кызынын туулган күнүнө чакырып калды. Барсам бир эже келип калды. Күмүшай эже деп тааныштырды. Мен жөнүндө баарын билет окшойт, сүйлөшүп олтурдук. Айнуранын үйүнөн чыгып баратканда менин үйүмө кирип нан ооз тийип чык деп калды. Үйүнө кирсем “Дордойдо” контейнерим бар, соода кыласыңбы?” деди. “Дордойдо” соода кылуу оюм жок болчу, бирок болсо жакшы болмок дедим. “Жалгыз бой аял болсоң да балдарыңды багат экенсиң. Болгону ижарасын төлөп коёсуң болду” деди. Таң калдым, сүйүндүм аябай. Эки жумадан кийин эже мага чалып “Дордойго” алып барып орунун көрсөттү. Администрациясына кирип мени дайындады. Администрациядагылар макул деп анын көзүнчө жакшы мамиле кылышты. Мен көчүп келдим. Контейнердин ичин ирээтке келтирип, товарларымды киргизип иштетип баштадым. Күндө эле сатуучу кыз “Эже бирөөлөр келип жатат. Сизди чакырып жатышат, карыздары бар экен бул жердин” дейт. Акчаны алып барып өзүм турган күндөн баштап ижарасын төлөйүн десем болбой коюшту. 7 айлык ижара акысынын карызы бар. Бул жерде сиз эч ким эмессиз, кожойкеси өзү келсин деп айтышты. Ошондон баштап баардыгы башталды. Администрацияга барам, салыкка барам, эжеге чалам. Такыр эле жыйынтык жок. Көрсө мен 7 айлык карызы бар экенин эки айдан кийин билдим. Көрсө администрациядагылар таптакыр адамкерчилик менен иштешпейт экен. Ким акча берсе ошонун сөзүн сүйлөшөт турбайбы. Макул ага дагы мейли. Акчаны төлөйм, бирок бир аз иштейин. Күйөөм жок, балам болсо 7-апрелде жаракат алып каяктагы свет менен 50 тыйын мегакомдун акчасы деп «Форумдан» алып кетишип жарым жан кылып алып келишти. Мугалимдиктин айлыгы жетпегендиктен кредит алып соода баштагам. Эми «Дордойдун» администраторлору, кароолчулары түшүнүп коюшса жакшы болмок. Кредиттен кыйналып Жумабек Салымбековго барып кирейин десем Жылдызбек деген жардамчысы алып кетип “Эже, сиз убара болуп жатасыз, бул жердин келишими бүткөн” –деди. Мен сатып алайын деп жатам десем “Жок, контейнерлер алынат, сатылбайт. Эки көйнөгүңүз болсо алып кетиңиз” деди. Аягында таптакыр мен иштебеген 7 айдын акчасын таап Жылдызбекке, ачкычын администраторго бердим. Ошондон кийин Күмүшай эже “Мага акча карыз, качып жүрөт” деп милицияга арыз жазыптыр. Мени милиция балдар издегенин билген эмесмин. Билсем келем да. Сокулукка кетсем милиция издеп үйгө келиптир. Телефон чалып койсо деле келмекмин. Кошуналар ал үйдө жок десе болбой такылдатып үйгө кат жазып таштап кетишиптир. Эртеси ишемби, жекшемби күнү чалсам алышпады. Биринчи күнү барып ИИМге кирип ал балдардын үстүнөн арыз жазып кетип калдым. Милицияга келсем “кайда качып жүрөсүз?” деп кекетишет. Мен эч кайда качкан жокмун, качкандай мен эмне кылмыш кылдым беле? –десем, жөн олтуруңуз азыр дегенинен унчукпай калдым. Суроолоруна жооп берсем күлбөңүз деп кекетет. Анан кайра сиздин душмандарыңыз көп, Күмүшай эжеге карыз экенсиз деди. Күмүшай эжени чакыргыла, ким күнөөлүү, ким күнөөлүү эмес текшерели дедим. Болгонун айтып жазып берсем 5%ы гана жазылыптыр, өзү билгендей жазып коюптур. Кетейин десем сиз кетпейсиз деп Эрлан дегени Медерова деген сизсизби дейт. Ооба десем эмнеге эшикти ачпайсыз дейт. Эмне болду десем “сиз акча бербей качып жүрүпсүз, кыскасы сизди камайбыз, олтургузабыз”- дейт. Сиз мага күнөөмдү далилдеп бериңиз, мен иштеген жеримден салык төлөгөн жокмунбу, далилдеңиз десем мен эч нерсе билбейм, камаласыз дейт. Кичинекей кызым сабактан чыгып жатат, эч ким албайт аны десем болушпайт. Ошол жердеги кирип-чыккан балдар мага абдан катуу мамиле жасап атышты. Иним чалып калды, ушундай абал болуп калды десем келсе аны киргизбей койду. Анан жактоочу таап чалдырды. Ал киши азыр барып ишти таанышам, арызы барбы? Ошол жерде мыйзамсыз болуп калса силер жумушуңарда бир минут да кармалбайсыңар десе араң жарым саатка чейин кармап олтурушту. Бир аздан кийин чыгарып жатып «эже, сиздин кайда жашаганыңызды билебиз» деп кекетип коё беришти. Кайра чыгып ИИМге барып арыз жазгам. Бирок бул иштин жыйынтыгы боюнча такыр аракеттер болгон жок. Бир күнү прокуратура чакырат. Ал прокурор мага ишенбей тигил милиция балага чалса “жок, эже келбей качып жүргөн”- дейт. Андай болсо качып жүргөнүмдү аныктап тастыктап бербейби. Чакырганда мыйзам боюнча повестка берет, ал дагы келген жок дедим. Абдан чоң суммадагы акча алып качсам бир жөн, арзыбаган акча дагы алган эмесмин. Эмнеге мени сыйлап коюшкан жок. Мен мугалиммин, элге кадырым сиңген жокпу? Прокурор мага ошол картаң эже кантип калп айтсын, сиз бир нерсе жашырып жатасыз дейт. “Менин эки гана күнөөм бар. Иштебей акча төлөдүм, экинчиси ишенгеним үчүн. Эгер мен ушинтип милицияга суралаарымды билсем бир тыйын төлөбөйт болчумун”- дедим.

— Азыр сизге жардам берээр уулуңуз кайда?

— Кадимки эле кыргын болгон 7-апрелде уулум жаракат алган. Жаш баланыкы бат бүтөт экен, жакшы болуп калды.

— Мамлекеттен жардам болду беле?

— Жок, мамлекеттен бир тыйын алган эмесмин. Жада калса балдарыма жөлөк пул ала албаймын. 4 небереме жада калса жаңы жылда бир конфет берип коюшса жакшы болмок. Үй алган жокпуз. Бирок токтомдо жаракат алгандарга үй берилет деп жазыптыр. Бекер дарыланат дептир. Баламды өзүм дарыладым. Азыр Кудайга шүгүр жакшы, батирде жашайбыз.

— Жумабек Салымбековго жолуккан жоксузбу?

— Жумабек абдан жакшы жигит. Мындан 3 жыл мурун бир маселе менен кайрылып көргөм. Ушунчалык тез, сапаттуу маселемди чечип берген. Ал жигитке жолуга албай жатам. Ушул учурдан пайдаланып Алмазбек Атамбаевге кайрылат элем. Урматтуу президент, сиз менин маселеме кайдыгер карабай, жалгыз бой эне экенимди эске алып маселени чечип берет деп ишенем. Азыр мен эч кимге ишенбейм. Жалгыз сизге гана ишенем. ИИМдин башчысы Улан дагы бул маселе менен өзү таанышып чечип берсе жакшы болот эле. Сиздердин да энеңиздер бар, мен да энемин, кайдыгер карабаңыздар.

Булак: “Жаңы ордо”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: