Бүгүн, 26-ноябрга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 426 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 178, Ош шаарынан – 17, Чүй облусунан – 94, Ош облусунан – 36, Талас облусунан – 13, Ысык-Көл облусунан – 35, Жалал-Абад облусунан – 23, Баткен облусунан – 28, Нарын облусунан – 2 катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 71 171 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 439 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 57 760ка жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 104, Ош шаарынан – 17, Чүй облусунан – 53, Ош облусунан – 39, Ысык-Көл облусунан – 42, Жалал-Абад облусунан – 83, Баткен облусунан – 84, Нарын облусунан – 2, Талас облусунан – 15.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан 6 адам: Бишкек шаарынан – 5, Ош облусунан -1. Жалпы саны 1251ге жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ