Президент Алмазбек Атамбаев Лахор шаарындагы жасалган террористтик акттын кесепетинен көп адамдардын каза болгондугуна байланыштуу Пакистан Ислам Республикасынын Президенти Мамнун Хуссейнге көңүл айтты. Бул туурасында Президенттин расмий сайты жарыялады.
Мамлекет башчысы каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, бардык жабыр тарткандар тезирээк сакайып кетишин каалады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ