Menu

Милиция кызматкерлери бир нече алдамчылык иш-аракеттерин жасоого шектелген жаранды кармашты

Бөлүшүү:

Милиция кызматкерлери бир нече алдамчылык иш-аракеттерин жасоого шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын Свердлов РИИБге арыз менен жаран кайрылып, “Нурлан” аттуу жаранга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган. Ал 2020-жылдын октябрь айында алдоо жолу менен транспорт каражатын ондоп берем деген шылтоо менен жабырлануучунун «Тойота Камри» үлгүсүндөгү автоунаасын ээлеп алып, андан соң изин жашырып качып кеткен. Кийин 5500 АКШ долларына башка бирөөгө сатып жибергендиги белгилүү болгон.

Аталган факты КЖБРге катталып, КРнын Жазык кодексинин 204-беренесинин 2-бөлүмүндө (Алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмыш курамы боюнча сотко чейинки иликтөөлөрүн баштаган. Сотко чейинки текшерүүнү жана иликтөөнү жүргүзүү максатында шектүүнүн өздүгүн, кайда жүргөндүгүн, чөйрөсүн тактоо боюнча иштер жүргүзүлгөн.

Шектүүнүн жогорудагы кылмыш ишинен башка мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар болгондуктан ыкчам иликтөө иш-чараларын тыкыр иликтөөгө Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын Мүлктүк кылмыштар менен күрөшүүнү уюштуруу боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери киришкен.

ИИМдин КМКнын кызматкерлеринин күч-аракети менен жакында бир нече алдамчылык иш-аракеттерин жасоого шектелип жаткан жаран 1987-жылы туулган Дастанбеков Нурлан кармалган.

Андан сырткары, ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлеринин карамагында Дастанбеков Нурлан башка автоунаанын ээсинин ишенимине кирип, өз кызматын сунуштап, акча каражаттарын көрсөтүп жаткандыгы жөнүндө видео бар.

Ошондой эле, жогорудагы жаран региондордо көп сандаган ири мүйүздүү малдарды алдоо жолу менен ээлеп  алууга шектелүүдө.

“ИИМдин Криминалдык милиция кызматы жарандарга кайрылат, бул жарандан жабыр тарткандар же укукка каршы иш-аракеттери жөнүндө кандайдыр-бир маалыматтарды билген болсоңуздар төмөнкү телефон номурланына кайрылууңуздарды суранабыз: 0507200075,  0700303804 жана ИИМдин КМКнын нөөмөт бөлүгү -266261”,- деп айтылат билдирүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − 47 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: