Menu

Видео – Жантөрө Сатыбалдиев, экс-премьер-министр: “Жетекчилигиңер жана Соттор кеңеши менен биздин маселени чечкиле, эртең эле бийлик өзгөрүп кетиши мүмкүн”

Бөлүшүү:

“Бизди сотко “бриллиант кишендер” менен алып келип жатышкандыктары бул соттун эле чечими менен чече турган чара. Мен кечээ соттон кийин өзүбүзчө “кеңешме” өткөрүп, айыпталуучулардын абактагы кармалуу шарттары жана аларды сотко жеткирүү, кайра абакка алып кетүү маселелери соттордун эле юрисдикциясына кирерин тактадым”, –  деп билдирди бүгүн, 11-июлда Бишкектин Свердлов райондук сотунда экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупция фактылары боюнча кылмыш ишинин сот процессинде.

“Сиздер өзүңөрдүн жетекчилигиңер менен биздин маселени чечкиле. Сотко биздин колубузду кишендеп алып келгениңерди токтоткула. Антпесеңер биз сот жок күнөөбүздү моюнга алдыруу үчүн ушундай жол менен бизге басым жасап жатат түшүнөбүз. Силер муну өз жетекчилигиңерге, Соттор кеңешине жеткиргиле. Эртең эле бийлик өзгөрүп кетиши мүмкүн”, – деди Жантөрө Сатыбалдиев.

Эсиңиздерге сала кетсек, кечээ , 10-июлда Жантөрө Сатыбалдиев “Соттун имаратын милиция менен курчап коюпсуңар, бизди болсо бул жакка  кылмышкерлердей, кол кишен менен байлап алып келесиңер. Биз али кылмышкер деп атала элекпиз да, күнөөсүздүктүн презумпциясы кайда? Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча эч ким мыйзам бузган эмес. Сотто кытай тарап жок. Эми бизге кишен эле салып койгула. Анан мен суроо да, жооп да бербейм. Мага скотч бергиле, мен оозумду да желимдеп алайын”,  деп ачууланган.

Ал эми Свердлов райондук сотунун судьясы Инара Гилязетдинова “Соттолуп жаткандарды сотко жеткирүүнүн баарына бирдей жалпы эрежеси бар, сот аны өзгөртө албайт”, деп жооп кайтарган эле.

Азыркы учурда бул кылмыш ишинин алкагында УКМКнын абагында экс-премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, экс-министр Осмонбек Артыкбаев, тармактык жетекчилер Салайдин Авазов, Айбек Калиевдер  олтурушат.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Видео: 5-канал

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − 22 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: