Menu

Путин менен Зеленский Донбасстагы абалды талкуулашты

Бөлүшүү:

Орусия президенти Владимир Путин биринчи жолу Украина президенти Владимир Зеленский менен телефондо сүйлөштү. Өлкө башчылары Украинанын чыгышындагы абал жана туткундарды алмашуу маселесин талкуулашты.

Президенттер “Норманд форматында” сүйлөшүүлөрдү өткөрүү мүмкүнчүлүгү тууралуу да кеп козгошту. Буга чейин Орусия президенти “Норманд төрттүгүнө” мүчө өлкө башчыларынын жаңы жолугушуусун Украинанын Жогорку радасындагы шайлоодон кийин уюштуруу керек экенин айткан. Путин сүйлөшүү форматын кеңейтүүгө каршы болгон эмес.

Донбасстагы абал буга чейин “Норманд форматынын” алкагында Франция, Германия, Украина жана Орусия лидерлери тарабынан талкууланган. Зеленский Минскте жаңы сүйлөшүүлөрдү уюштурууну жана бул тизмеге АКШны кошууну сунуштаган.

Орусия ТИМ башчысы Сергей Лавров бул сунуш караларын, бирок “Зеленский маселени Фейсбук эмес, алгач дипломатиялык каналдар аркылуу талкууласа туура болмок экенин” билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: