Кыргыз-казак чек арасындагы чоң көйгөйдү Алмаз Атамбаев “3 күндүк эле блокада” деп атаган. Бирок 3 күн да өттү, шайлоо да бүткөндүгүнө карабай чек арадагы абал өзгөрүлгөн жок.
КРнын мамлекеттик чек ара кызматынын пресс-кызматынын маалыматына караганда эч кандай өзгөрүүлөр байкалган жок. Эң көп автоунаа”Ак-Тилек” жана “Чон-Капка” көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде байкалууда. Азыркы саатта ар биринде 300 жакын женил жана жүк ташуучу автоунаалар тыгылып турганы катталды.
Эскерте кетсек, президент Алмаз Атамбаев шайлоо 1-тур менен бүтсө, ошондон кийин да чек ара ачылбаса, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн президенттерин чукул жыйын чакырууга талап коерун билдирген
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ