Menu

Эрдоган америкалык аскер базаларды жабам деп коркутту

Бөлүшүү:

РИА-Новости порталынын маалыматына ылайык, Түркиянын президенти Тайип Эрдоган АКШнын санкцияларына жооп катары америкалык аскерлер үчүн берилген Инжирлик жана Күрежик базаларын жаап саларын билдирди.

Адана аймагындагы Инжирлик авиабазасын америкалык аскер-аба күчтөрү пайдаланат. Ал эми Малатья аймагындагы Күрежик базасы ракеталык чабуулдарды көзөмөлдөйт.

“АКШ эч кандай кадамга барбоого тийиш, анда эле мамилелерибизди оңдой албай калабыз. АКШ санкция киргизсе, Түркия дароо жооп кайтарып, аскердик базаларын жаап салабыз”, – деди Эрдоган A Haber телеканалынын обосунда.

Эскерте кетсек 2019-жылы Орусия Түркияга 2,5 млрд доллар турган С-400 төрт учак дивизионун сатуу боюнча келишим кылышып, учактар жеткирилген. Дагы бир полктук комплект макулдашылган. Ошонун натыйжасында Түркия менен АКШнын мамилеси кескин салкындаган эле. Вашингтон Түркия келишимден баш тартышын талап кылып, өздөрүнүн F-35 учактарын сунуш кылышкан. Бирок Анкара баш тартып койгон.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: