Menu

Тажикстан жараны уурдалган унааны сатып алганы үчүн айыппул төлөдү

Бөлүшүү:

Душанбенин тургуну Абдурасул Курбонов бир нече жыл чогулткан акчасына кымбат баалуу Volkswagen унаасын сатып алган. Бирок кийин ал унаанын Орусияда уурдалып, Тажикстанга алынып келингени белгилүү болгон.

Курбоновдун айтымында, унааны ал таанышы аркылуу автоунаа бизнеси менен алектенген ишкерлердин биринен сатып алган.

«Ал унааларды Дубайдан алып келерин айткан. Беш жыл мурда бул үлгүдөгү унаа 30 миң доллар болчу. Аны менен Украинанын чек арасынан өтүп жатканда кармалдым. Унаа уурдалганын айтышып, аны камакка алышты. Мен болсо айыппул төлөгөндөн кийин бошотулдум», — деди ал.

Бир канча күн мурда Литванын укук коргоо органдары Германияда уурдалган кымбат баалуу унааларды Тажикстанга ташуу менен алектенген трансулуттук топ колго түшкөнүн кабарлаган. Анда Литванын сегиз жараны бар экени айтылган. Андан мурда Германияда ушундай эле кылмыш үчүн дагы эки киши кармалып соттолгон.

Полициянын маалыматы боюнча аталган топ тарабынан былтыр жана быйыл чыккан BMW, Mercedes үлгүсүндөгү 15тен ашык унаа уурдалган. Алар Тажикстанга алынып бараткан.

Азырынча Тажикстандын укук коргоо органдары бул окуя боюнча комментарий бере элек.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: