Menu

Кыргызсандын Орусиядагы элчилиги, миграция кызматынын жана ИИМдин өкүлчүлүктөрү бириктирилет

Бөлүшүү:

Орусиядагы кыргыз элчилигинин ишмердигинин чабалдыгын жана миргранттардын көйгөйлөрүн козгогон суроого жооп берип жатып президент Сооронбай Жээнбеков бул маселе абдан олуттуу экенин билдирди. Орусиядагы элчи болушунча аракет кылганын жана азыр ал жакка тажрыйбалуу элчи бара турганын да кошумчалады.

Ошондой эле Орусиядагы Кыргызстандын элчилигине ал жактагы миграция комитети менен ИИМдин бөлүмүн бириктирүү каралып жатканын айтты.

Орусиядагы кыргыз мигранттарына жакшы шарттарды түзүү жолго коюлганын эскерткен Жээнбеков: «Биздин максатыбыз мигранттар жүргөн жерлеринде жакшы шартта иштөөсүн камсыз кылуу. Жакында Орусия көптөгөн кыргызстандык мигранттарды кара тизмеден чыгарды. Бул бир гана Кыргызстан үчүн жасалды. Бул аракет дагы уланат»,-деди.

Булак: «Жаңы Ордо»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 + = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: