Menu

Видео – Кытай элчилигинин астында митинг болуп өттү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 20-декабрь күнү Кытай Эл Республикасынын элчилигинин имаратынын астында “Кыргыз чоролору” коомдук бирикмеси уюштурган тынчтык митинги болду.

Тынчтык митингине чыккан элдин талаптары:

1. Кытай Эл Республикасындагы улуттук азчылыктарга карата зордук-зомбулук токтотулсун. Тарбиялооочу лагерлериндеги ар бир этникалык кыргыздардын камакка алыныш себептери, мыйзамсыз кылмыш аракеттери жөнүндө ачык айкын коомчулукка жарыяласын!

2. Кыргыз Республикасында мыйзамсыз жашап жүргөн чет өлкөлүк жарандар 30 күндүн ичинде өлкөдөн чыгып кетсин

3. Акыркы 10 жыл ичинде КРнын жарандыгын алган чет өлкөлүк жарандардын мыйзамдуу жарандык алгандыгын тактап, аныктоо максатында коомдук уюмдардан, жарандык активисттерден, мамлекеттик органдардан турган атайы комиссия түзүлсүн.

Азыркы убакта тынчтык аяктады. Элчиликтин өкүлдөрүнөн сүйлөшүүгө чыгышкан жок. Коомдук бирикменин өкүлдөрү имаратка кирип, талаптар жазылган катты берип чыгышкан.

Булак: “KyrgyzToday”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: