“Топтолуп алып жылкы союп жегенди токтотсок жакшы болот эле” деген оюн бүгүн, 19-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков массалык маалымат каражаттары үчүн уюштурган маалымат жыйнында билдирди.
Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Жалал-Абад облусундагы Ноокен району 1935-жылы түптөлгөн болсо да, 90 жылдык мааракесин белгилеген. Журналист “быйыл Ноокен районунун 90 жылдыгын чоң масштабда өткөрүштү. Бул боюнча журналисттик иликтөөлөрдү жасап, маалымат берсек дагы майнап чыккан жок. Бул тууралуу Ноокен районунун акимчилигине да кат жаздык. Тарыхчылар деле тарыхты бурмалоо туура эмес экендигин айтышкан. Кимиси жоопко тартылат? Кимдер чара көрөт?” деген суроосуна президент бул боюнча маалыматы жок экендигин айтып, ушул өңдүү той-топурларды токтотсок жакшы болмок деген пикирин кошумчалады.
“Ушул өңдүү мааракелерде элди топтоп, конференция уюштуруп, тархыты сүйлөшүшсө макул, башка кеп. Бирок топтолуп алып, жылкы союп отурганды токтотсок жакшы болот эле”, – деди ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ