Астанадагы Сирия боюнча сүйлөшүүлөрүнө катышып жаткан Орусия, Түркия жана Иран Сириядагы жай тургундар үчүн коопсуз аймактарды түзүү боюнча меморандумга кол коюшту.
Буга чейин «Коммерсант» басылмасы курал колдонууга толугу менен тыюу салуу, гуманитардык миссиялар үчүн коопсуздукту камсыздоо жана Сирияда кыйраган негизги объектилерди жана инфраструктураларды калыбына келтирүү жөнүндө кеп болуп жатканын билдирген.
Астанага келген сириялык куралдуу оппозициянын лидерлери бул меморандумга кол койгон жок. Алар сүйлөшүүлөргө Иран өкүлүнүн келишине нааразычылыгын билдиришти. Куралдуу оппозиция Башар Асаддын режимин колдогону үчүн Тегеранды күнөөлөп келет.
Сирия оппозициясы өз көзөмөлүндөгү аймактарды бомбалоону токтотууну талап кылып, 3-майда Астанадагы сүйлөшүүлөргө катышкан эмес. БУУнун атайын чабарманы Стаффан де Мистура аларга кайрылгандан кийин гана 4-майда кайтып келишкен.
2011-жылы Сирияда башталаган жарандык согуш 400 миңдей кишинин өмүрүн алды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ