Бүгүн, 4-сентябрга карата өлкөдө сутка ичинде коронавирустан бир бейтап каза тапты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, каза болгон бейтап Баткен облусунун тургуну.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери каза болгондордун жалпы саны 1061.
Бүгүн Республикада коронавирус жана пневмония илдетин жуктуруп алгандардын жалпы саны 44227 адамга жетти. Өткөн суткада 252 бейтап коронавирус илдетинен айыгып чыкты. Жалпы бүгүнкү күндө 39 миң 426 бейтап айыгып, ооруканалардан чыгарылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ