23-майда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Патрулдук милициясында шаардын бир катар мектептеринин окуучулары үчүн “ачык эшик күнү” болуп өттү. Иш-чарада балдарга жол эрежеси тууралуу сөз сүйлөө үчүн чакырылган шаардык кеңештин депутаты Токобеков Темирлан туңгуюк караңгылатылган “Мерседес-Бенц” унаасында келген. Имараттын жанынан тосуп, унаанын документтерин сураган инспекторго эч кандай документ көрсөтпөстөн, “Жакып Кеңешбекович өзү териштирет” деп корсоңдоп жооп берген (Жакып Кеңешбекович Бишкек шаардык ИИББнин Патрулдук милициясынын штабынын начальниги). Алгач көкүрөгүндө шаардык кеңештин депутатынын төш белгиси болсо да, унаадан чыкканда анысын алып салып, өзүн УКМКнын 9-башкармалыгынын кызматкери катары тааныштырган. Токобеков Темирлан Бишкек шаардык кеңештин “Республика-Ата-Журт” фракциясынан депутаты, 23 жашта.
Булак: “Алиби”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ