Menu

Абдил Сегизбаев өзүнүн «ушакчы журналисттерин» тыйбаса, катуу жооп алат экен…

Бөлүшүү:

УКМКга караштуу «Эгемен» деген сайт бар. Контордун буюртма маалыматтарын дайыма чыгарып, бийлик башындагыларды колдоп, ошого жараша оппозиция лидерлерин шыбап турат. Жерден алып көргө чапмай жагынан ашынып кетишти. Мейли эми, тутунган позициялары ошондой болсо, өздөрү бир куну акылга келеби (?) деген ниетте саресеп кылып келгенбиз. Бирок…

Кызыгы, соңку айларда «Эгемен» сайты ИИМ жетекчиси Улан Исраиловго кастарын тигип, «Ачык саясатка», «Фабулага» чыккан шыбамай материалдарды пайдаланып, бир жактуу каралоого өткөнү кыжырды келтирүүдө. Дал ушул сайтты каржылаган УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев экенин билгендер айтышьш, кескин түрдө айыпташууда. Мындай кош стандарттуу саясат кимге керек эле? Эгерде Сегизбаевдин чын эле Исраиловго өчү болсо, ачык эле күрөшкө чыгып, коомчулук астында жүзүн аныктап албайбы? Жигитчилик кайда?! Соңку убакта Улан мырза дагы ушул жагына көңүл буруп, астейдил мамилеге өткөнү билинди. Таңкаласың, бир командада жүрүшүп, анан бири-бирине көчүктөн суу куюп атышса, албетте, иренжүү пайда болот да. Биз бул жа­гынан дал ушул маалыматтын так экенин ашкерелеп, ички интриганын бетин ачып коюуга белсендик. Эми Абдил Кеңешович акылына келип, «ушакчы журналисттерин» тыйып койсо керек. А болбосо Улан мырза да жөн жатпайт, улуу тоодой кадыр-барк күтө баштады… Компроматтар бул жакта да арбын… Чекесинен чубалса чатак ырбап кетпейби?..

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 + = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: