Menu

Ахматбек Келдибеков “коррупцияга айыпталган” деген сөзгө арданып, Kyrgyztoday сайтына 30 миң сом айыппул салдырды, бирок ал чын эле коррупцияга айыпталган да…

Бөлүшүү:

Бүгүн, 16-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту экс-спикер Ахматбек Келдибековдун Kyrgyztoday.kg сайтынын дарегине арызданып, мындан 1 жыл мурун жазган арызы боюнча 30 миң сом айыппул салуу чечимин чыгарды.

Ахматбек Келдибеков былтыр, 2018-жылы ушул мезгилде Kyrgyztoday.kg сайты “Коррупцияга айыпталган Келдибеков” деп жазып, менин ар-намысыма шек келтирди. Мен коррупция беренеси боюнча соттолгон эмесмин. Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн соттолгомун. Ошондуктан Kyrgyztoday.kg сайты жана анын ээси Бегалы Наргозуев мен тууралу сайтта ушундай мазмунда жарыяланган 3 макаласын алып салып, менден кечирим сурап, 1 миллион сом моралдык чыгымымды төлөп берсин деп сотко арыз менен кайрылган.

Биз дароо эле жооп кылганбыз: Ахматбек Келдибеков бурмалап жатат, биз аны “коррупция боюнча соттолгон” деп жазган эмеспиз, “коррупцияга айыпталган” деп жаздык. Ахматбек Келдибеков кармалганда укук коргоо органдары дароо эле аны “коррупция” беренеси боюнча айыптап чыгышканын Кыргызстанда билбеген киши жок. Кийин гана бийлик менен сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында ал берене кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренесине которулган. Бирок бул эки берененин айрымасы аз эле. Ошондуктан биз мындан ары да “Ахматбек Келдибеков коррупцияга айыпталган” деген позициябыздан кайтпайбыз жана жаза беребиз.

Сот ошондой эле сайттан Ахматбек Келдибеков тууралу жазылган 3 макаланы алып салуу чечимин чыгарыптыр. Бизди таң калтырган факт – бул соттор айдан ачык эле Ахматбек Келдибековго жан тартып жатканы болду. Антпесе ал макалаларда биз Ахматбек Келдибековду  коррупция боюнча соттолгон деп жазган эмеспиз. Коррупцияга айыпталган деп жазганбыз. Мунун айрымасын башкалар түшүнбөсө да, соттор жакшы түшүнөрү айдан-ачык. Бирок көрүп, билип, түшүнүп туруп, акты кара деп, караны ак деп ушундай адилетсиз чечим кабыл алуунун артында эмне турат?

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: