Кыргызстандын тышкы жана ички карыздарын тейлөө көлөмүнүн тездик менен өсүшү 2020-жылдын жана андан кийинки жылдардын бюджетин түзүүнү кыйындатып жатканын каржы министри Бактыгүл Жээнбаева Жогорку Кеңеште айтып, тынчсызданганын жашырган жок. Министр айым өз сөзүндө: “Мына, мугалимдердин эмгек акысын көтөрөлү деп жатабыз, ал үчүн кошумча каражат табуу керек» – деп билдирип, салык жыйноо боюнча талдоолорго аяр мамиле жасоого чакырды. Буга байланыштуу: «Салык жыйноо жаатында азыноолок резервдер бар, быйылкы чыгымдарды эптеп жаба алабыз. Ага анча-мынча гранттык каражаттар да жумшалат. Бирок андан кийинки жылдары кыйла кылдат ойлонууга туура келет» – деп белгиледи.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ