Эске сала кетсек 2016-жылы Рио олимпиадасында Кыргызстан бир дагы медалга ээ болбой, куржалак кайтып келишкен. Ал эми ошол кошунабызТүркмөнстандан 9 спортчу барып бир дагы медалга ээ болбой калгандыгы үчүн спортчулардын машыктыруучулары толук иштен айдалышкан. Биздикилер болсо ныпым эч нерсе болбогондой басып жүрүшөт. Анын үстүнө реформадан кабар жок. Кечээ комитет жыйынында эл өкүлдөрү Канат Аманкуловду бурчка такашты. Аманкулов алдастап, азыркы убакта УКМКнын астындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы олимпиадага кеткен чыгымдар боюнча тергөө жүргүзүп жатканын, олимпиададан кийин коллегия болуп өткөнүн, тиешелүү чаралар көрүлгөнүн тиешелүү адамдар кызматтан алынганын айтты. Бирок биз спорт тармагындагы жооптуу жетекчи кызматтан алынганын укпаптырбыз. Аманкулов кимди иштен алды?
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ